ОшМУнун Математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин ИТАС кафедрасынын доценти, техника илимдеринин кандидаты Рахат Атырова «ITEC» программасынын алкагында Индиянын Мумбаи шаарында 2 айлык мөөнөттөгү тажрыйба алмашуу иш сапарында жүрөт.
«Centre for Excellence in Telecom Technology And Management», «Web Designing, Database and Networking» аттуу квалификацияны жогорулатуу курсу 28-январдан 23-мартка чейин улантылат.
Бул программанын максаты — башка мамлекеттер менен бирге кызматташуу жана тажрыйба алмашуу.