11:28 19 февраля 2019

Оштун 2 студенти Катарда өтүүчү Азия чемпионатына жолдомо алышты

Кыргыз Республикасынын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы уюштурган жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпиондугунда 3000 метр аларыкка чуркоо боюнча ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин окутуучусу, бизнес жана менеджмент факультетинин магистранты Алымкан Жамшитбекова, педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Максатбек уулу Баястан I орунду ээлешти. Алар 20-апрелде Катар мамлекетинде өтүүчү Азия чемпионатына катышууга жолдомо алышты.

Ушул эле чемпионатка катышкан педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Урматбек Абдылдаев III орунду ээлеп, диплом менен сыйланды. Машыктыруучусу ОшМУнун окутуучусу Алмаз Казыбеков.

Спорт жаатында ийгилик жаратып, өлкөбүздүн, ОшМУнун намысына жараган спортчуларды административдик кеңеште жалпы жамааттын атынан ректор Каныбек Исаков куттуктап, кийинки мелдештерге ийгилик каалады. Ошондой эле университеттин атынан атайын сыйлыктар берилерин кошумчалады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть