13:43 20 февраля 2019

Индиянын Кыргызстандагы элчиси ОшМУга иш сапары менен келди

Индиянын Кыргызстандагы ыйгарымд укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри жана атташе Вйщал Гойнди иш сапары менен ОшМУга келишти. Делегация ОшМУнун ректору Каныбек Исаков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилик учурда университетте 3000ге жакын индиялык студенттер окуп, алардын билим алуусуна мыкты шарттар түзүлүп, алар менен өзүнчө юрист иш алып барып жаткандыгын, ITEC алмашуу программасынын мүмкүнчүлүктөрүнөн көптөгөн окутуучулар пайдаланып, бүгүнкү күндө да 5 окутуучу иш-сапары менен Индия өлкөсүндө жүргөндүгүн жана жакында 8 адамдан турган делегациянын бара тургандыгын билдирди.

Ал эми Индиянын Кыргызстандагы ыйгарымд укуктуу элчиси Алок Амитабх Димри коноктор окуу жай аларды жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылык билдиришип, ОшМУну белгилүү университет катары тааный тургандыктарын, бул окуу жайда Индиядан келген студенттер окуп жаткандыгына кубанычта экендиктерин, студенттердин билим алуусу жана жашоо шартары менен таанышуу максатында келишкендиктерин айтышып, март айында Бишкек шаарында өтө турган «Махатма Ганди күндөрүнө» жетекчиликти чакырып өтүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ОшМУдагы «Индия» борборун жандандыруу, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда окутуучуларды, студенттерди академиялык алмашуу, билим берүү программалары аркылуу кызматташуу багытында пикир алышты.

Ошондой эле делегация Индиянын бир нече шаарларына ITEC тажрыйба алмашуу программасы менен барып келген окутуучулар менен жолугушуп, Индия борборунун ишмердүүлүгү менен да таанышышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть