16:16 21 февраля 2019

Ошто Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде, бүгүн, 21-фавралда Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата «Көп тилдүүлүк дүйнөгө кол сунат» деген аталыштагы адабий-музыкалык кече болуп өттү. Кече «Ош шаары — түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» аталышындагы масштабдуу иш-чаралардын алкагында Ош шаардык мэриясы, Кыргызстан калкынын ассамблеясынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурулду.

Кечеге окуу жайда билим алып, иштеп жаткан башка улутттун өкүлдөрү катышып, өз эне тилдеринде саламдашып, өз эне тилинин улуулугун даңазалаган көркөм окууларды окушуп, ыр ырдап, улуттук бийлерин бийлеп, маданиятын тартуулашты. Ошондой эле кереметтүү кыргыз комуз күүлөрү чертилип, көркөм окуулар жаңырды. Майрамга карата ар улуттун өзгөчөлүгүн камтыган көргөзмөлөр коюлду.

Ошондой эле Ош шаарында жашаган башка улуттун өкүлдөрүнүн майрамдык ыр-бийлери да орун алды. Кече «Кыргызымдын жүрөгүндө Ошу бар» аттуу ыр менен жыйынтыкталды.

«Бүгүнкү күндө биздин окуу жайда да Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына негизделип, университетте көп тилдүүлүк саясатын жүргүзүү иштерине өзгөчө көңүл бурулуп келет. Учурда ОшМУда 20дан ашуун улуттардын өкүлдөрү билим алышат. Бүгүн алар өз элинин тилин, маданиятын даңазалашты. Бул иш-чарага чейин бардык факультеттерде, колледждерде Эне тил майрамы белгиленип, мыктылары бүгүнкү кечеге тандалып алынган», - деди ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Сабыркул Арстанов.

Майрамдык салтанаттын соңунда Ош шаардык мэриясынын, ОшМУнун баалуу белектери, дипломдору тапшырылды.

1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 21-февраль — Эне тил күнү деп жарыяланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть