21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Н.Исанов атындагы КМКТАУда «Түрк тилдер достугу» аттуу адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Иш-чарага Евразия жазуучулар биримдигинин, Кыргызстан Эл аралык адабият академиясыны жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү акын Ибрагим Түркхан, Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова жана КР президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Абдыжапар уулу Мундузбек катышты.
Иш чаранын-алкагында КМКТАУнун студенттери, Бишкек шаарынын №71 орто мектебинин окуучулары жана маданият кызматкерлери өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, көркөм окууларды, ырларды жана бийлерди аткарышты. Кечеде ошондой эле Ибрагим Түркхандын ырлары кыргыз тилинде көркөм окулду жана «Кыргыз-түрк достугу» аттуу ыры аткарылды.