9:53 26 февраля 2019

Н.Исанов атындагы КМКТАУда «Түрк элдер достугу» аталышында салтанаттуу иш-чара өттү

21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Н.Исанов атындагы КМКТАУда «Түрк элдер достугу» деген аталыштагы салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Адабий иш-чаранын коногу Евразия Жазуучулар биримдиги, Кыргызстан Эл аралык адабият академиясынын жана КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 2013-жылы, Кыргызстан Эл Аралык адабият академиясынын «Академик» наамынын, 2014-жылы «Ысык-Көл кабарлары» гезитинин «Кадырман» наамынын ээси, 2015-жылы Алыкул атындагы фондунун Ардак грамотасы, 2015-жылы ТҮРКСОЙ грамотасы, 2016-жылы КР президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси, 2017-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультети тарабынан «Эне тил» ардак грамотасы ж.б. сыйлыктардын ээси, акын, котормочу Ибрагим Түркхан болду.

Ошондой эле адабий иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясынын башкы адиси Мундузбек Абдыжапаров катышты.

Адабий иш-чаранын жүрүшүндө акын, котормочу Ибрахим Түркхандын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча, кыргыз адабиятына кошкон салымы туурасында студенттерге маалымат берилип, обондуу ырлары аткарылды. Ошону менен бирге университеттин ар түрдүү улуттагы студенттери да акындын ырларынан көркөм окушту.

Иш-чаранын жыйынтыгында акын Ибрахим Түркхан университеттин Сооронбай Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборуна жана студенттерге «Алыкулдын изи менен», «Ысык-Көл, сени сүйдүм», «Ч.Айтматов. Күн сайын адам болуу» деп аталган кыргыз тилинде чыккан китептерин белекке берди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть