10:07 26 февраля 2019

Улуу Британиянын Нью Кастл университетинин профессору ОшМУда конок лектор болду

Улуу Британиянын Нью Кастл университетинин профессору Ник Мигоран февраль айында ОшМУга конок лектор катары келип, университеттин эл аралык мамилелер факультетинин аймак таануу адистигинин студенттерине «Дүйнөнүн саясий географиясы» деген темада лекция окуду. Лекциядан соң профессор студенттерге Орто Азияда жүргүзүп жаткан изилдөөлөрү, учурдагы академиялык алмашуу программалары боюнча маалымат берди.

Профессор Ник Мигоран аймак таануу кафедрасынын башчысы доцент Сайкал Ибраимованын демилгеси менен конок лектор катары чакырылган.

Иш сапардын алкагында Нью Кастл университети менен мындан ары да өз ара кызматташуу, академиялык мобилдүүлүк программалары менен алакаларды бекемдөө маселелери талкууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть