№3 Лебединовка орто мектебинде «Эне тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт» деген темада иш-чара болуп өттү.
Иш-чара мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, конституциялык беделин жогорулатуу, өзгөчө өсүп келе жаткан окуучуларды мекенчилдикке тарбиялоо максатында уюштурулду. Анын алкагында ар бир класс дубал гезиттерди даярдап, сүрөттөрдү тартышты.
Класс жетекчилер «Эне тилим ардактуу» деген темада класстык сааттарды өтүштү.
21-февралда «Дүйнө элдеринин ыр-бийлери» аттуу чакан концерт уюштурулду. Концерт кыргыз улуттук бийи менен ачылып, ар бир улуттун кийимдери көрсөтүлдү. Иш-чара эне тил тууралуу ырлар жана ар улуттун бийлери менен коштолуп, мектептин директору М.Адиевдин сөзү менен жыйнтыкталды.