15:48 27 февраля 2019

Оштун студенттери элчи менен эркин баарлашты

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесинин жана КР Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгынын алкагында, бүгүн, 27-февралда КРнын Өзбекстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси, КРнын Эл артисти, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү Ибрагим Жунусов студенттер менен жолугушту. Иш-чара «Мотивациялык жолугушуу жана элчи менен эркин баарлашуу» деген теманын алкагында уюшутурлду.

Баарлашууга унирверситеттин эл аралык мамилелер, дүйнөлүк тилдер жана маданият, искусство, кыргыз филологиясы жана журналистика факультеттеринин студенттери катышышты.

Иш-чараны ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ачып, университеттин сыймыктуу бүтүрүүчүсү тууралуу студенттерге айтып өттү. Өзүнүн 27 жылдык өмүрү ОшМУда билим, тажрыйба алуу, эмгектенүү менен өткөндүгүн сыймыктануу менен айткан Ибрагим Жунусов студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди. Баарлашуу жеке жашоосу, чыгармачылыгы, ийгилик сырлары, дипломатиялык ишмердиги, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы учурдагы достук, кызматташтык алакалары боюнча болду. Кеченин коногу студенттерди шыктандырган мотивацияларын берди.

Учурда ОшМУнун эл аралык мамилелер факультети менен Тышкы иштер министрлигинин ортосунда долбоор башталган. Аталган долбоорго ылайык, элчилер менен жолугушуулар уюштурулуп, азыркы ааламдашуу доорундагы Кыргызстандын эл аралык аренадагы орду, алака маселелери, студенттердин жумушка орношуу, практика өтөө жаатындагы кызматташтыктарды талкуулоо максатын көздөгөн иш-чаралар уюштурулуп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть