2019-жылдын 20-24-февралында Бишкек шаарында Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын ээлесине арналган 42-Эл аралык бокс боюнча турнир өттү. Анда ЖАМУнун студенти Абдурахман Абдурахманов 1-орунду багындырды. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайдын дене тарбия кафедрасынын башчысы Ильяс Алиев билдирди.
ЖАМУнун студенти Абдурахман Абдурахманов 67 кг салмак категориясында күч сынашып, 8 атаандашын жеңип, чемпиондук наамга ээ болду. «А.Абдрахманов Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Ал, буга чейин, 2017-жылы Азия оюндарынын чемпионатына катышып, 3-орунду алган. Биздин окуу жайда жетекчилик тарабынан спортко өтө чоң көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлүп турат. Натыйжада студенттер бир катар ийгиликтерди жаратып, университеттин атын даңазалап жатышат. Алар менен ар убак сыймыктанабыз», - дейт И.Алиев.
Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган 42-Эл аралык бокс турнерине Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Армения Республикаларынан жалпы 67 кг салмак категориясы боюнча 24 спортчу катышты.