10:52 28 февраля 2019

ЖАМУнун студенттери ректорго сунуш-пикирлерин, көйгөйлөрүн айтышты

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору, т.и.д., профессор Кеңешбек Усенов студенттер менен жолугушту. Анда жаштар окуу жайдын жетекчисине кызыктырган суроолорун берип, жооп ала алышты. Жолугушуу ачык форматта өткөрүлдү. Ага факультеттердин, колледждердин алдыңкы студенттери катышышты.

ЖАМУнун Жаштар комитетинин төрайымы Алтынай Базарбайдын маалыматына ылайык, студенттер өз факультеттеринде жана жалпы эле университетте болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө айтып, суроолорду берип, жооп алышты.

«Ар бир студент билим алып жаткан окуу жайынын тарыхын, жетишкен ийгиликтерин билүүгө тийиш. Бул күнү жаштар бардык маалыматтарга ээ боло алышты жана ректор менен эркин баарлашып, пикир алышты. Ошондой эле окуу жайда жаштардын билим алуусуна кандай шарттар түзүлгөнүн, алдыда аткарылчу иштер туурасында К.Усенов студенттерге айтып берди», - дейт А.Базарбай.

Буга чейин окуу жайдын ректору проректорлор менен биргеликте жалпы профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуп, сунуш-пикирлерин угуп, суроолоруна жооп берген.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть