9:45 1 марта 2019

ОшМУнун ректору башка ЖОЖдордон академиялык мобилдүүлүккө келген студенттер менен баарлашты

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков 27-февралда 2018-2019-окуу жылынын 2-семестринде ички академиялык мобилдүүлүк боюнча Ош декларациясы, эки тараптуу келишимдердин негизинде өлкөдөгү ЖОЖдордон ОшМУга окууга келген студенттер менен жолугушуп, пикир алмашты.

Баарлашууда мобилдүүлүккө чыккан студенттерде эң башкысы окуу жайларды салыштыруу мүмкүнчүлүгү болуусун, жылына окуу жайдын 1500ге жакын студенти академиялык алмашууга катыша тургандыгын, учурда билим берүүнү интернационалдаштыруу маселеси «10+10+10+10=САПАТ» программасынын алкагында өнүктүрүлүп жаткандыгын айтты.

ОшМУда учурда 32 миңге жакын студент билим алган, 1 миң 700гө жакын окутуучулар эмгектенген, бардык тармактар боюнча билим берүүчү классикалык ири окуу жай экендигин белгиледи. «Заманбап билим + улуттук тарбия» университеттин урааны экендигин, жакында 2024-жылга чейинки өнүгүү концепциясы кабыл алынгандыгын, ага ылайык, санариптик технологиялардын мекени болгон, социалдык жоопкерчилиги жогору, коопсуз, экологиялык таза окуу жайга айланып, келечекте дүйнөдөгү мыкты 700 университеттердин катарына кире тургандыгына токтолду. Студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзүнүн ийгиликке жетүү формуласы менен бөлүшүп, билимге суусаган жаштарга дем-күч тартуулап, шыктандырды.

Бул семестрде ОшМУда Кыргызстандын бардык облустарындагы жана борбор шаарыбыз Бишкектеги жогорку окуу жайлардын студенттери окуп жатышат. Алсак, Ысык-Көл мамлекеттик университетинен – 6, Нарын мамлекеттик университетинен – 12, Баткен мамлекеттик университетинен – 10, Жалал-Абад мамлекеттик университетинен – 7, Талас мамлекеттик университетинен – 2, Эл аралык Кувейт университетинен – 3, Кыргыз экономикалык университетинен – 2, Кыргыз улуттук университетинен – 2, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен – 2, жалпысынан 52 студент билим алышууда.

ОшМУда студенттердин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк күн сайын күчөп, алмашуу программаларына катышууну каалагандардын саны тынымсыз өсүп, конок студенттерге жатаканалардан орундуктар акысыз берилип, 3 маал ысык тамак менен камсыздаган профилакторийдин кызматы көрсөтүлүп, татыктуу билим алууга жана жаштык доорду шаңдуу, мазмундуу өткөрүүгө толук шарттар түзүлгөн.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть