10:32 1 марта 2019

Экс-президент Р.Отунбаева Арабаев атындагы университеттин студенттери менен жолугушту

2019-жылдын 27-февралында Кыргызстандын мурунку президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин студенттери менен жолугушту. Жолугушуу «Билге» студенттик уюмунун демилгеси менен уюшулуп, ага окутуучулар жана студенттер катышты.

Алгач сѳз университеттин ректору, профессор Тѳлѳбек Абдырахмановго берилди. Ректор ѳз сѳзүндѳ Кыргызстандагы эң мыкты жетекчи, уюштуруучу, демилгечил адамдар менен студенттердин, деги эле жаш инсандардын жолугуп, баарлашуусу жакшы жѳрѳлгѳ экенин баса белгиледи. Мындай жолугушууну колдоп, ѳз убактысын бѳлүп келген Роза Исаковнага ыраазычылык билдирди.

Р.Отунбаева Армения мамлекетинде болгон иш сапары жана ал мамлекеттеги билим берүүнүн инновациялык ыкмалары жана тажрыйбалары жөнүндө студенттерге кеңири маалымат берди. «Арменияда билим берүү сапаты Кыргызстандан алда канча жогору. Анткени алар ар бир окутуу мекемелеринде баланы тазалыкка жана ѳз ѳлкѳсүн өнүктүрүүгѳ жогорку деңгээлде билим берерине күбѳ болдук. «Ѳз ѳлкѳңдү ѳнүктүрүү үчүн терең билим алгыла» деген идеология — билим берүү системасындагы башкы маселе. Ошондуктан алар жакынкы убакта ѳнүккѳн 10 ѳлкѳнүн катарына кирүүгѳ болгон күчүн жумшоодо», - деди ал.

Ошондой эле ал өлкөбүздөгү санариптештирүүгө байланышкан маселелерге токтолду. «Санарип деген турмушту жеңилдетет. Биз санариптештирүүнү каалайбызбы, каалабайбызбы биздин турмушубузга кириши керек», - деди экс-президент.

Бул маселелерден сырткары, музейлердин акыбалына, «инновация», «дүйнѳлүк тилдер», «онлайн» түшүнүктөрү боюнча кыскача оюн айтты. «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева Арменияга болгон иш сапарында эң негизги баамга ала турган «Идея» уюмунун ишмердүүлүгү, билим берүү системасынын мыктылыгы жана, эң башкысы, мамлекеттин тазалыгы жѳнүндѳ дарс окуду. Фонддун кызматкери Назгул Кабылбаева «Санариптүү тейлөө программасынын алкагында ЭЛСОМду колдонуу» жөнүндө студенттерге түшүндүрмө берип өттү.

Жолугушуунун соңунда келечектеги тарыхчылар Роза Исаковнага келип, акыл-насаат, кеп-кеңештери менен бөлүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ага чакан белектерин тапшырышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть