16:39 5 марта 2019

Пакистандын Кыргызстандагы элчиси ЖАМУда болду

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору Кеңешбек Усенов 5-мартта Пакистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Файсал Ниаз Тирмизи менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда элчи окуу жайдын имараттары менен таанышып, студенттери менен жолугушту. «Жалал-Абад мамлекеттик университети республиканын аймагындагы алдыңкы окуу жай экен. Биздин жарандар медицина тармагында билим алып, Пакистан Ислам Республикасынын кадрдык маселесин чечүүгө салым кошуп жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем. Келечекте тыгыз кызматташабыз», - деди ал.

Ошондой эле ал Медицина факультетинде билим алып жаткан пакистандык студенттер менен жолугушту.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть