10:34 7 марта 2019

ОшМУнун мырзалары айымдарды куттукташты

ОшМУнун ректоратынын мырзалар жамааты Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрында 6-март күнү университеттин жалпы айымдар жамаатына майрамдык кече тартуулашты.

Кечеге келген конокторду ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков башында турган ректораттын мырзалар жамааты театрдын фойесинде жандуу музыканын коштоосунда жылуу каалоолорун айтып, тосуп алышты. Ошондой эле жалпы айымдар жамаатынын урматына университеттин таланттуу агайларынан, студенттерден концерттик программа тартууланды.

Майрамдык кеченин жүрүшүндө ректор Каныбек Исаков университеттин 2 миң 800 профессордук-окутуучулук жамааттын 1800дөйүн, студенттердин 70%ын айымдар түзөрүн, университеттин өсүп-өнүгүүсүндө жамааттагы айымдардын орду эбегейсиз экендигин белгиледи. Ар бир айымга чың ден соолук, кажыбас кайрат, иштеринде чыгармачылык эргүү, үй-бүлөсүнө бакыт-таалай каалады.

Ошондой эле ал «Аялдар назик, бирок апалар күчтүү» (Виктор Гюго), «Мен апамды кантип сүйбөй коет элем?! Ал мени бир нече ай курсагында, бир нече жыл кучагында, өмүрүнүн акырына чейин жүрөгүндө көтөрүп жүрдү» (Абдурахман Жами), «Апанын жүрөгү-баланын мектеби» (Генри Уорд Бичер), «Менден «апаңдын өңү кандай эле?» деп сурабай эле койгула. Күндүн өңүн кантип сүрөттөмөк элең?» (Эрик-Эмманюэль Шмитт) деген сыяктуу энелердин улуулугун даңазалаган сөздөрдү, тамашалуу ойлорду, тамсилдерди айтты. Андан сырткары, ОшМУнун өсүп-өнүшүнө өз салымдарын кошуп, студенттерге татыктуу билим-тарбия берип жаткан айымдарга университеттин Ардак грамотасын, акчалай сыйлыктарын, алкыш баракчаларын тапшырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть