10:44 16 марта 2019

ЖАМУда белгилүү академиктердин катышуусунда илимий-практикалык конференция өттү

Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын академиги А.Бөрүбаев, УИАнын корреспондент-мүчөлөрү К.Алымкулов, П.Панковдун катышуусунда эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу университеттин илим иштери боюнча проректору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.Алыбаев билдирди.

Анын маалыматы боюнча, «Бекболотовдук окуулар - 2019» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция окуу жайдын Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында орун алып, анда КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер тарых илимдеринин доктору, профессор Т.Бекболотов жана окуучусу тарых илимдеринин кандидаты, доцент З.Раев эскерилди.

ЖАМУнун ректору К.Усенов ардактуу конокторго ыраазычылык билдирүү менен Т.Бекболотов жана анын окуучусу З.Раев тууралуу кенен сөз сүйлөп, конференцияга ийгиликтерди каалады. Академик А.Бөрүбаев Т.Бекболотовдун илимге, университетке кошкон салымы жана бийик адамдык сапаты тууралуу эскермелерди айтты.

Конференциянын жүрүшүндө төмөндөгүдөй баяндамалар жасалды:

- А.Алымкулов  – «Кыргыздардын көрөгөч, даанышман ата-бабалары жөнүндө»;

- П.Панков  – «Т.Б.Бекболотов и развитие информационных технологий»;

- А.Аширалиев – «Балалык кыялдануунун окумуштуунун ишинин жыйынтыктарына тийгизген таасири».

Андан сырткары, 13 секция иш алып барып, 175 доклад окулду.

Иш-чаранын жыйынытыгында мыкты баяндамалары үчүн окумуштуу жана студенттер I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

«Турсунбек Бекболотов Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 1996-1999-жылдары ректорлук кызматын аркалып, окуу жайдын өнүгүүсүнө өз салымын кошкон. Ошондой эле университет болуп түптөлгөндөн кийинки экинчи ректор болуп саналып, окуу жайдын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып турат. Ал эми анын окуучу Замирбек Раев да аталган окуу жайда эмгектенип, бир катар кызматтарды аркалоо менен чыгаан студенттерди тарбиялаган, окуу жайдын илимий потенциалын көтөрүүгө көмөк көрсөткөн инсан катары тарыхыбызда калды», - дейт К.Алыбаев.

«Бекболотовдук окуулар» аталышындагы илимий-практикалык конференция жыл сайын салт катары окуу жайда өткөрүлүп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть