8:55 19 марта 2019

ОшМУнун ректору университеттин Акыйкатчы аппаратындагы студенттер менен жолугушту

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков университеттин Акыйкатчы аппаратынын студенттери менен жолугуп, пикир алышты. Жолугушууда студенттерге университеттин алдыга койгон пландары, максаттар, келечеги, учурдагы иш-аракеттери туралуу сөз кылып, өз ойлорун ортого салды. Ошондой эле студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

«Агай бизди өз балансындай сүйүп, биздин келечегибиз үчүн бар күчүн жумшап, ар тараптуу шарт түзүп жаткандыктан, биз да ак эмгегин актап, өз кесибибиздин мыкты адиси, көп кырдуу кадр болгонго аракет кылабыз. Агай биздин берилген ар бир сурообузга турмуштан алынган икаялар, анекдоттор менен жооп берип ар бирибизди өзүнө тартып жатты. Агай ар бирибизге жүрөгүн ачып, жүрөгүбүзгө жетчү сөздөрдү айтты, дем берди» ,- дейт жолугушуу тууралуу ОшМУнун студенти Тахмина Зайнабидин кызы.

«Агай менен болгон жолугушууда студенттердин баары тандообузга кубанып отурабыз. Себеби университетте 30 миңден ашуун студент болсо, ата-эне баласына күйгөндөй, агайыбыз ошол 30 миң тагдырга, сүйүүгө күбө, кайгыбызды бөлүшүп, кубанычыбызга бизден өтүп кубанат. Түбөлүктүүлүктүн, өлбөстүктүн мыйзамын түшүндүрүп, жан дүйнөбүздү толкуткан агайга таазим!», - дейт жолугушууга катышкан ОшМУнун дагы бир студенти Бурулай Камчы кызы.
Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть