Ош шаарында Кыргызстандын жогорку окуу жайлары арасында «Универсиада - 2019» старт алды. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына «Тамекисиз спорт» деген ураандын астында өтүп жаткан мелдештин негизги уюштуруучусу Ош мамлекеттик университети болуп саналат.
Универсиаданын ачылуу салтанаты 18-мартта болуп өттү. Спорттук мелдешке республикадагы 15 жогорку окуу жайдан 246 спортчу катышты. Спортчулар волейбол, баскетбол, тогуз коргоол, шахмат, ордо оюндары боюнча күч сынашат. Ачылуу аземине КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлчүлүгүнөн, мектептик жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынан өкүлдөр, ЖОЖдордун ректорлору, спортчулар, күйөрмандар катышышты.
Ачылуу салтанатында сөз сүйлөгөн мектептик жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын директору Эркинбек Абдылдаев Ошто уюштурууга демилгечи болуп, уюштуруу иштерин колго алып, республиканын аймактарынан келген студенттерди жатакана, тамак-аш менен камсыздап, спорттук базаларынын баарын колдонууга шарт түзүп, маданий иш-чараларды да камтып уюштуруп жаткан Ош мамлекеттик университетине, ректор Каныбек Исаковго ыраазычылык билдирди.
Студенттер ортосундагы достукту, тилектештикти бекемдеп, жаштар арасында спортту өнүктүрүүнү максат кылган универсиада 23-мартта жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланат.