10:26 19 марта 2019

ОшМУнун ректору академиялык мобилдүүлүк боюнча ааламды айланып келген 156 студент менен жолугушту

Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков 2018-2019-окуу жылынын 1-семестринде сырткы жана ички академиялык мобилдүүлүк боюнча эки тараптуу келишимдердин, «Эразмус+», «Мевлана», «Ош декларациясы» сыяктуу программалардын негизинде чет мамлекеттердеги жана өлкөдөгү 40тай университетте билим алып, тажрыйба топтоп келген 160ка жакын студент менен жолугушуп, пикир алмашты.

Баарлашууда ректор мобилдүүлүккө чыккан студенттердин көзү ачылып, аларда эң башкысы өз алдынчалыкка үйрөнүү, дүйнөнүн төрт бурчуна барып руханий, интеллектуалдык азыктарды, жаңы идеяларды топтоп келүү мүмкүнчүлүгү жаралганын билдирди. Учурда ОшМУ жылына 1 миң 500гө жакын студентти академиялык алмашууга катыштырып, реалдуу эл аралык мейкиндикте жашап жаткандыгын, түштүк аймакты билим менен өнүктүрүү планы бар экендигин айтып өттү. Ошондой эле жетекчилик жакынкы күндөрдө ОшМУ дүйнөдөгү 2 миң 200 университеттин ичинен плдыңкы 700дүн, Борбордук Азиядагы 3 университеттин катарына кирип, санариптик, коопсуз, экологиялык таза университет боло тургандыгын белгиледи жана студенттерди келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктады.

Өткөн семестрде ички мобилдүүлүк, эки тараптуу келишимдер жана «Ош декларациясы» боюнча ОшМУдан жиберилген студенттердин тизмеси:

1. Бишкек гуманитардык университети – 5 студент.

2. Кыргы-Түрк «Манас» университети - 5 студент.

3. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети - 12 студент.

4. Кыргыз экономикалык университети - 1 студент.

5. Кыргыз-Орус славян университети - 8 студент.

6. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы - 7 студент.

7. Кыргыз улуттук университети - 1 студент.

8. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы - 1 студент.

9. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитехтура университети - 12 студент.

10. Ош гуманитардык педагогикалык институту – 1 студент.

Жалпы - 53

Сырткы мобилдүүлүктөн, эки тараптуу келишимдер боюнча жиберилген студенттердин тизмеси:

11. Өзбөк улуттук университети (Өзбекстан) - 4 студент.

12. Тажик мамлекеттик финансы-экономикалык университети (Тажикстан) - 5 студент.

13. Актөбө регионалдык мамлекеттик университети (Казакстан) - 4 студент.

14. Нархоз университети (Казакстан) - 5 студент.

15. Хайнан педагогикалык университети (Кытай) - 7 студент.

16. Шаньси педагогикалык университети (Кытай) - 2 студент.

17. Лиаолин педагогикалык университети (Кытай) - 4 студент.

18. Синьзян педагогикалык университети (Кытай) - 13 студент.

19. Юньнань педагогикалык университет (Кытай) - 3 студент.

20. Жуннан түштүк-улуттук университети (Кытай) - 4 студент.

21. Ланчьжоу университети (Кытай) - 2 студент.

22. Шанхай педагогикалык университети (Кытай) - 3 студент.

23. Пусан университети (Корея) - 3 студент.

24. Чонбук университети (Корея) - 3 студент.

25. Дона университети (Корея) - 4 студент.

26. Моквон университети (Корея) - 4 студент.

27. Киото мингсай тил мектеби (Япония) - 8 студент.

28. Окинава тил мектеби (Япония) - 2 студент.

29. Катар университети (Катар) - 1 студент.

30. Батыш чех университети (Чехия) - 18 студент.

Жалпы - 99

Сырткы мобилдүүлүк. «Эразмус+» программасы боюнча жиберилген студенттер студенттердин тизмеси:

31. Чукурова университети (Түркия) - 2 студент.

Сырткы мобилдүүлүк. «Мевлана» программасы боюнча жиберилген студенттердин тизмеси:

32. Эржиес университети (Түркия) - 1 студент.

33. Мунзур университети (Түркия) - 1 студент.

Баары – 1-семестрде 156 студент мобилдүүлүккө чыгып келишти.

Бул жерде башка ЖОЖдордогу эл аралык катышып келген студенттер эске алынган жок.

ОшМУда студенттердин ортосундагы академиялык мобилдүүлүк күн сайын күчөп, алмашуу программаларына катышууну каалагандардын саны тынымсыз өсүп, окуу программаларын шайкештирүү жана кош дипломдуулукка жетишүү иш-аракеттири биринчи орунда тургандыгын белгилеп кетүү зарыл.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть