14:47 19 марта 2019

№3 Лебединовка орто мектебинде кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чарасы өттү

№3 Лебединовка орто мектебинде 19-мартта жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чогулуш өттү. Иш-чарага Аламүдүн районунун прокурору Э.Стакеев, социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Г.Кыштобаева, Аламудун райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси С.Орозбаева, ага тескөөчү, милициянын майору А.Калашев, Лебединовка айыл өкмөтүнүн негизги адиси А.Кожобаева, №3 орто мектебинин ЖИИнин тескөөчүсү Н.Жумагулова, мектептин администрациясы, 7-10-класстардын окуучулары катышты.

Иш-чаранын алкагында жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, талап-тоноонун, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча талкуу жүрдү.

«Чындыгында биз мыйзамды сыйлашыбыз керек. Бир нерсе жасоодон мурда өзүбүздү жана жакын адамдарыбызды ойлошубуз зарыл. Эгерде кандайдыр бир кылмыштуулукка күбө болсоңор мугалимге, ата-энеңерге же ЖИИ инспекторуна кайрылсаңар болот. Жаман көнүмүш адаттарды калтырып, спорт менен машыккыла. Балдар — биздин келечегибиз, ошондуктан дени сак жашоону тандайлы!», - деди райондун прокурору Э.Стакеев.

ЖИИ инспектору Н.Жумагулова талап-тоноочулук боюнча лекция окуду.

Чогулушта балдар көптөгөн маалыматтарга ээ болуп, мектептин директору Манас Адиевдин сөзү менен жыйынтыкталды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть