10:42 20 марта 2019

ОшМУнун жатаканаларында Нооруз майрамына арналган кечелер өтүп жатат

Ош мамлекеттик университеттин бардык студенттик жатаканаларында Нооруз майрамына арналган майрамдык кечелер уюштурулуп жатат.

Жатаканаларда «Кыз-жигит сармерден» оюну уюштурулуп, Нооруздун негизги улуу тамагы болгон сүмөлөктөр кайнатылып, студенттерге таратылды. Ошондой эле күрөш, аркан тартыш, волейбол, кол күрөш, тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндар ойнотулду. Жатаканада үлгүлүү жашап, коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышып, спорттук оюндарда жеңишке жетишкен студенттерге диплом, баалуу белектер ыйгарылды.

Нооруз майрамына арналган жатаканалардагы иш-чараларга ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, университеттин проректорлору, профсоюз уюму, ошондой эле факультеттин декандары, тарбия иштери боюнча орун басарлары, окутуучулар, студенттер катышышты. Өзгөчө, быйылкы жылы ОшМУ уюштуруу иштерин колго алып өткөрүп жаткан «Универсиада - 2019» спорттук мелдештерине өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген студенттер, мектептик жана студенттик спортту өнүктүрүү дирекциясынын директору Эркинбек Абдылдаев башында турган конокотор да күбө болушту.

Майрамдык иш-чараларга катышкан бардык коноктор студенттер менен бирге сүмөлөк аралаштырып, жаңырып келген жаңы жылда эл-журтка жакшылыктарды тилешти. Мындай иш-чаралар ОшМУнун ректораты жана профсоюз уюму тарабынан колдоого алынып, салтка айланып, жыл сайын уюштурулуп келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть