13:48 20 марта 2019

Америкалык илимпоз ЖАМУнун студенттерине сүйлөө кеби боюнча сабак өттү

ЖАМУнун филология факультетинин «Англис тили жана адабияты» кафедрасында 19-март күнү АКШнын Минисота штатынан келген илимпоз Энди Вайнер менен англис тили мугалими Жулия Вайнер студенттерге сүйлөө кеби предмети боюнча сабак өтүштү. Сабакка аталган кафедранын 3-курсунун студенттери катышты.

Сабакта Америка жана кыргыз элдеринин улуттук маданиятынын өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берилип, талкууланды. Окуу системасындагы артыкчылыктарга басым жасалып, бир канча өзгөчөлүктөр айтылды. «Мектеп жашындагы балдар кайсы предметтик багыт боюнча билим алышат — өздөрүнүн тандоосуна коюлат. Жаштайынан китеп менен иштөөгө көбүрөөк көңүл бөлүнүп, дүйнө таанымын кеңейтүүгө үндөшөт. Билим алуу — инвестиция, андыктан жаш кезде билимиңерди тереңдетип, өз өлкөңөрдүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салымыңарды кошкула», - деген кеңештерин айтышты мугалимдер.

Ал эми бул сабакка жалпы 40тан ашуун студент катышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. «Мындай сабактарды алдыда дагы уюштуруп, билим берүүнүн сапатын көтөрөбүз», - дешет аталган кафедранын окутуучулары.

Буга чейин Коллин Вуд келип, студенттерге «Сынчыл ойлом стратегиясы» боюнча семинар өткөн. Ал Кыргызстандагы билим берүү системасынын айрымачылыктары жөнүндөгү илимий иштин үстүндө иштейт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть