Бишкек шаарында 22-мартта президенттин кубогу үчүн тамашоу оюну уюштурулду. Анда ОшМУнун «Ошингтон» курама командасы жеңүүчү болуп, президенттин кубогун жеңип алды. Таймашта жалпысынан 15 команда ат салышкан.
Жеңишке жетишкен команданы ОшМУнун административдик кеңешинде жалпы жамааттын атынан ОшМУнун ректору Каныбек Исаков куттуктап, мындан кийинки мелдештерге да ийгиликтерди каалады.