Өзбекстанда кыз-келиндердин профессионалдар арасындагы эл аралык турнири өтүп, анда ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин студенти Элзада Момунжанова 56 кг салмакта ушу-саньда боюнча жеңишке жетишип, алтын курдун ээси болду.
Жаш спортчуга ОшМУнун административдик кеңешинде ректор Каныбек Исаков куттуктап, ден соолук, окууларында, спортто ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ал Кыргызстанда, Борбордук Азияда өткөн эл аралык турнирлерде ийгилик жаратып келе жаткан Элзада Момунжанованы окуудагы келишимдик акысынан толук бошотулгандыгын белгиледи.
Э.Момунжанова 2018-жылы Ташкент шаарында өткөн ушу-саньда боюнча Борбордук Азия чемпионатында 1-орунду, грэпплинг боюнча Азияга тандоо турниринде 1-орунду багындырган. Элзада — алыш белбоо күрөшү жана ушу-саньда боюнча спорттун чебери. Ал 2018-жылдын ноябрь айынан бери 9 алтын, 1 күмүш, 1 коло медалды жана алтын курду жеңип алган.