12:29 26 марта 2019

Ош жана Германия жогорку окуу жайларынын кызматташтыгы артат

Медициналык техниканы, аппараттарды, жабдыктарды оңдоп-түзөө, гидро жана шамал кичи ГЭСтерин куруу боюнча ОшМУда ворк-шоп уюштурулуп, ага проректорлор, тийиштүү факультеттердин декандары, окутуучу-адистер катышышты. Жыйындын коногу Клаусталь техникалык университетинин приват доценти, Россия, Борбордук Азия боюнча өкүлү, техника илимдеринин доктору, профессор Талант Рыспаев болду.

Профессор Талант Рыспаев өзүнүн чакан презентациясында инвестиция тартуу жолу менен ОшМУдагы «саламаттыкты сактоодогу информатика» адистигин өнүктүрүү, германиялык окумуштуулар менен биргеликте импланттарды даярдоо, суунун, күндүн, шамалдын энергиясын алуу багытында жумуштарды алып баруу сыяктуу бир топ маселелерге токтолду. Ошондой эле ОшМУнун окутуучуларынын илимий макалаларын Германиянын «Scopus», «Web of science» индекстери бар журналдарда жарык көрүүсүнө, чет өлкөдөгү ири концерндер, компаниялар, поликлиникалар менен университеттин байланыш түзүүсүнө көмөктөшө тургандыгын айтып, жылуу кабыл алгандыгы үчүн жетекчиликке ыраазычылык билдирди.

Ал эми проректор Замир Сабиржанович конок профессорго атайын келип, окуу жайдын Германия, Австриянын ЖОЖдору менен болгон алакасын өркүндөтүүгө аракет кылып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, тез арада кызматташуунун планы түзүлүп, сунуштар даярдалып жибериле тургандыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Т.Рыспаев «салматтыкты сактоодогу информатика» адистигинин студенттери менен жолугушуп, пикир алышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть