10:15 27 марта 2019

«Сынган кылыч» романы боюнча өткөн сынакта ОШМУнун студенттери жеңишке жетишти

Кыргыз Радиосу жана «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан 26-мартта Бишкек шаарында уюштурулган республикалык «Китепкөй» интеллектуалдык долбооруна Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романы боюнча сынакта ОшМУнун «Данк» командасы жеңишке жетип, чейрек финалга жолдонмо алды.

Сынакта ОшМУнун командасы Эл аралык Кувейт университетинин «Багыт» командасы менен беттешкен. Команданын курамы 3 адамдан туруп, алар кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин студенттери: Камчы кызы Бурулай, Зайлабидин кызы Тахмина жана тарых факультетинин студенти Сүйүнбаева Мадина болушту.

Сынакта ОшМУнун командасы 6 категориянын ичинен тарых категориясын тандап алышып, атаандаштарга салыштырмалуу жогорку упай топтой алышкан. Эми «Даңк» командасы апрель айында өтүүчү жарым финалда билим сынашат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть