16:43 27 марта 2019

Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форумунда ОшМУнун ректору презентация жасады

Бишкек шаарында өтүп жаткан «Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү  келечекке инвестиция» аталышындагы Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форумунда Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Исаков «ОшМУ- классикалык университеттен-изилдөөчү инновациялык университетке карай» деген темада презентация жасады.

Презентацияда Ош мамлекеттик университети 2024-жылга чейин дүйнөлүк алдыңкы 700 университеттердин катарына кирүүгө белсенип жаткандыгы, буга ылайык 2024-жылга чейинки өнүктүрүү концепциясы кабыл алынгандыгы айтылды. Ошондой эле учурда бул концепциянын негизинде пландуу иштер жүрүп, дүйнөлүк университеттердин рейтингдерин чыгарган агенттиктерге катталып, кызуу иштер жүрүп жаткандыгы белгиленди.

Андан сырткары, ректор университеттин «Экологиялык таза университетти», «Коопсуз университетти», «Санариптик университетти», «Социалдык жоопкерчилиги жогору» университетти калыптандыруу, «Көп тилдүү билим берүүнү» толук ишке ашыруу, «Мамлекеттик тилде, орус тилинде жана кайсы бир чет тилинде билим берүүнү өз деңгээлинде жолго коюу», «Кош дипломдуу» билим берүүчү адистиктерди калыптандыруу багытындагы жүрүп жаткан иштерине токтолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть