14:16 3 апреля 2019

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин күнү белгиленди

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлүшүнө 96, жогорку окуу жай катары негизделгенине 26 жыл толуп, мааракеге арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуу жайдын мугалимдер жамааты жана студенттер катышты.

Бүгүнкү күндө аталган университет түштүк жергесиндеги заман талабына жооп бере турган, жогорку билимдүү кадрларды даярдап жаткан окуу жай катары таанымал. Бир кылымга тете тарыхы бар ЖАМУ бул аралыкта көптөгөн ийгиликтердин башаты болуп миңдеген студенттерди дасыккан адис кылып чыгарууда. Азыркы учурда бул окуу жайдан билим алып, республикадагы жана облустагы бир катар көрүнүктүү жетекчилерди, мектеп директорлорун ошондой эле шаарыбыздагы бир катар башкармалыктарды башкарып жаткандарды көрүүгө болот. Алар өлкөнүн экономикасы жана ар тараптуу өсүп өнүгүшүнө зор салымдарын кошуп келишүүдө.

20-кылымдын 20-жылдарында Жалал-Абад шаарында өлкөдөгү алгачкы педагогикалык окуу жай түзүлүп, ал окуу жайдан Кыргызстандын тарыхындагы белгилүү инсандар тарбияланып чыккан. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин, 1993-жылы мурдагы педагогикалык окуу жайынын базасында университет ачылган. Учурда бул университетте 30дан ашуун кесиптик багыттар боюнча 13 миңге жакын студент билим алууда. Ал эми окуу жайда 90 кандидат, 11 илимдин доктору, 10 профессор жана 2 мамлекеттик сыйлыктын ээси эмгектенет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть