10:13 11 апреля 2019

ОшМУнун математика жана маалыматтык технологиялар факультетинде илимий жумалык өтүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде апрель айында жыл сайын салтка айланган илим жумалыктары өтүт келет. Бул багытта 10-апрелде Математика жана маалыматтык технологиялар факультетинде ОшМУнун 80 жылдык мааракесине жана Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына арналган «Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери, алардын колдонулуштары» аттуу IV илимий конференция уюштурулду.

Конференцияны МИТ факультетинин деканы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Уланбек Сопуев ачып берди. Ал илимий жумалык студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, аларга багыт берүү, илим жолунда үзүрлүү эмгектенип келе жаткан окумуштуу агай-эжекелерге сый-урмат көрсөтүү максатында уюштурулуп жаткандыгын белгиледи. Өз кезегинде сөзгө чыккан ОшМУнун илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжамал Анарбаева быйылкы жылы университтеттин 80 жылдык мааракесине арналган илимий жумалыктар бир топ факультеттерде башталгандыгын айтты. Жумалыктардын алкагында бир жыл аралыгында жасалган илимий иштердин жыйынтыктары чыгарылып, ийгилик жараткан агай-эжейлер, студенттер сыйланарын кошумчалады.

Сыймыктуу устат окумуштуу агай-эжекелерден физика-математика илимдеринин доктору, профессор Салы Каримов, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, УИАнын мүчө-корреспонденти Келдибай Алымкулов, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Мейилкан Алтыбаева, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гүлбадан Матиева, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент, ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев, улук окутуучу Мария Маматкулова, улук окутуучу Нина Сергеевна, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Маккамбай Мамаюсупов сөзгө чыгып, илим жолу сыймыктуу, ары татаал, түйшүктүү жол экендигин белгилешип, талыкпаган эмгек, изденүү менен гана ийгилик жаратууга боло тургандыктарын айтышты.

Пленардык жыйында профессор Гүлбадан Матиева «Фракталдык геометриянын учурдагы орду», доцент Улук Сактанов «Сайттарды түзүүнүн оптималдуу жолдору», доцент Толкун Папиева «Устаттын берген батасы – шакирттен кетпөө катасы», доцент Айзат Тойгонбаева «Сулайман Абдыкалыковдун өмүр баяны» деген темаларда баяндамаларды жасашты.

Илимий конференциянын кийинки бөлүгү секцияларда уланып, анда окутуучулар, студенттер, магистранттардын илимий баяндамалары талкууланды.

Илимий жумалык факультеттин деканынын илимий иштер боюнча орун басары физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Нургүл Беделованын уюштуруусунда өттү.

Илимий жумалык 11-12-апрель күндөрү да уланып, анда «Илимий ийримдердин жарманкеси» уюштурулуп, «Мыкты окуу китеби», «Мыкты окуу колдонмо», «Мыкты патент», «ОшМУнун 80 жылдыгына мыкты гезит», «Мыкты баяндама» сынактары өтөт жана «Брейн-ринг» интеллектуалык оюну уюштурулат.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть