14:41 11 апреля 2019

Ошто «Болочок журналисттер форуму-2019» өтүп, мыкты дилбаян жазган окуучулар сыйланышты

Ош мамлекеттик университетинде 10-апрелде журналист кесибин аркалоону көксөп турган жаш муундардын жана учурдагы жергиликтүү журналисттердин башын бириктирген «Болочок журналисттер форуму-2019» өттү.

Форумду ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов ачып, жалпы катышуучуларды университеттин жетекчилигинин жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, журналисттик кесиптин ары сыймыктуу, ары түйшүктүү экендигин айтып, уюштурулуп жаткан форумдун актуалдуу экендигин белгиледи.

Форумда ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүлөрү, көрүнүктүү журналист, диктор, Президенттик аппараттын кызматкери Космос Чыдынов, ЭлТР МТРКсынын башкы директорунун орун басары Жумамидин Сулайманкулов, ОшТВнын директору Керимбек Калыгулов, «Ынтымак» коомдук аймактык телерадиокомпаниясынын директору Толкун Эрмекбаев куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Аталган форумда ОшМУнун журналистика адистигинин сыймыктуу, жаш бүтүрүүчүлөрү, учурдагы журналисттер Зарипбек уулу Бекзат (ОшТВ), Мамасадыков Казыбек («ЭлТР» МТРК), Рахманалиев Расул (ЭлFM), Эркинова Роза (ЭлFM), Сыдыкова Алина (фотожурналист), Капарова Жылдыз (ОшТВ), Абдумалик уулу Бекмамат (АКИpress), Рустам уулу Жолдубай («Ынтымак» КРТРК), Осмонов Дастан («Ынтымак» КРТРК), Көчкөнбай уулу Кабылбек (ЖТРК), Осмонали кызы Мээрим (Үмүт ТВ), Акжол уулу Адыл (YouTuber, блогер), Жанибек кызы Мимоза (7 канал), Шамшиев Сыймык (АKИpress) форумда спикерлик кылып, журналистика жана медиасабаттулук тууралуу масер-класстарды өтүштү. Ошондой эле билим уясы болгон ОшМУнун журналистика адистигине тапшырып, келечектин мыкты журналисти болууга чакырышты. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.

Форумдун экинчи бөлүгүндө 4-марттан 31-мартка чейин ОшМУнун ректораты жана журналистика адистигинин жамааты тарабынан мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жарыяланган «Журналист болгуң келеби?» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Анда «2030-жылдагы Кыргызстан менин кыялымда», «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору», «Социалдык тармактар бизге керекпи?» деген темаларда дилбаяндар кабыл алынган.

Уюштуруучулардын айтымында, сынакка 100 гө жакын материалдар келип түшкөн. Түзүлгөн комиссиянын чечими менен 1-орунду ээлеген №130 Шабы Жумаев атындагы орто мектебинин (Мады) 11-классынын окуучусу Абсатар кызы Акбермет I даражадагы диплом, Xiomi redmi 6A үлгүсүндөгү телефон менен сыйланды. 2-орунду ээлеген «Кум-Шоро» мектебинин (Алай) 11-классынын окуучусу Осмонова Элена II даражадагы диплом, Senseit R500 үлгүсүндөгү телефон утту. 3-орунду ээлеген «Кеңеш» орто мектебинин (Ноокат) 8-классынын окуучусу Шайдилла кызы Айзат жана ОшМУнун «Билим» лицейинин 11-классынын окуучусу Нурбек уулу Эртөштүк III даражадагы диплом, зымсыз кулакчын (безпроводной наушник) менен сыйланышты. Кызыктыруучу сыйлыктарга 4-орунду ээлеген Бозулан Примов мектебинин (Кадамжай) 11-классынын окуучусу Абдыганы кызы Анара жана Ноокат районунан 11-класстын окуучусу Эгенова Айсезим китеп жана рюкзак менен сыйланышты. Сыйлыктарды ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Сабыр Арстанов, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин окуу иштери боюнча декандын орун басары Нуржамал Мапаева, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Бекташ уулу тапшырды. Ошондой эле ар бир катышуучуга кызыктыруучу сыйлык катары диплом, китептер, рюкзактар тапшырылса, жетектеп келген мугалимдерге да дипломдор берилди.

Иш-чаранын соңунда Бишкек шаарындагы ММКны колдоору борбору тарабынан форумдун логотиби түшүрүлүп даярдалган 10 кг торт бардык катышуучуларга ооз тийгизилди.

Аталган форум ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика кафедрасынын жалпы жамааты, кафедранын башчысы Сейил Эргешова жана кафедранын мүчөсү, Кыргыз-Түрк факультетинин окуу иштер боюнча декандын орун басары Зарина Маматжанованын уюштуруусунда өттү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть