17:20 15 апреля 2019

Россиянын жана Кыргызстандын окумуштуулары ЖАМУда чогулушту

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында Н.Пржевальскийдин 180 жылдыгы белгиленүүдө. Анын алкагында «Тарых жана учур» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Конференцияга Россиядан, Кыргызстандан окумуштуулар конокко чакырылып, илимий баяндамаларын окушту.

Иш-чарага Россия Федерациясынын башкы консулу Р.Свистин, Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Е.Пивовар, М.Акмуллы атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти И.Гатин, Академик С.Королев атындагы Самара улуттук университетинин профессору В.Полянский катышышты.

Николой Михайлович Пржевальский 1839-жылы жарык дүйнөгө келген. Пржевальский көп жыл офицер катары кызмат кылган, бирок бала кезинен эле саякатчы болууну эңсеген. Ал бир нече жолу ошол кезде али изилдене элек Африкага барууга камданып, бирок мындай экспедиция үчүн каражат таба алган эмес. Ошентсе да Пржевальский зор ынтаа менен Ыраакы Чыгышты изилдеген. Ал эми 1870-жылы бир нече шериги менен Монголия, Кытайга жөнөгөн. Асман тиреген тоолор, какыраган чөлдөр, аягы кумга сиңип жоголгон дарыялар, шыбыргактаган кар бороондору, 50 градуска жеткен ысык аптап — мына ушулардын баарын бул адам өзүнүн максатынан тайбаган кажыбас кайраты, эрктүүлүгү менен жеңип чыккан. Борбордук Азиянын адамдын буту тие элек мейкиндерин Пржевальский атчан жана жөө аралап, 33 миң чакырымдан ашуун жол баскан. Ушундай өжөрлүгү менен илимде из калтырган инсан катары азыркы күнү да эл оозунан түшпөй эскерилип келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть