17:20 15 апреля 2019

Россиянын жана Кыргызстандын окумуштуулары ЖАМУда чогулушту

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Р.Абдыкадыров атындагы чоң жыйындар залында Н.Пржевальскийдин 180 жылдыгы белгиленүүдө. Анын алкагында «Тарых жана учур» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.

Конференцияга Россиядан, Кыргызстандан окумуштуулар конокко чакырылып, илимий баяндамаларын окушту.

Иш-чарага Россия Федерациясынын башкы консулу Р.Свистин, Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин президенти, тарых илимдеринин доктору, профессор Е.Пивовар, М.Акмуллы атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин доценти И.Гатин, Академик С.Королев атындагы Самара улуттук университетинин профессору В.Полянский катышышты.

Николой Михайлович Пржевальский 1839-жылы жарык дүйнөгө келген. Пржевальский көп жыл офицер катары кызмат кылган, бирок бала кезинен эле са