13:47 26 апреля 2019

Таш-Дөбөдөгү мектептин окуучуларына жугуштуу эмес оорулар жөнүндө маалымат берилди

Аламүдүн районун Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы орто мектебинде 23-апрелде «Кыргызстандагы жугуштуу эмес ооруларды эффективдүү башкаруу жана алдын алуу» долбоору боюнча өзүңүздү жугушту эмес оорулардан сактаңыз» деген теманын алкагындаиш-чара өттү.

Иш-чарага мектеп администрациясы, уюштуруучу А.Жембаева, соц.педагог А.Бегалиева, дене тарбия мугалими Л.Асанова, Таш-Дөбө айылдык ден соолук комитетинин төрайымы Т.Кулжыгачева жана АДКнын мүчөлөрү, Таш-Дөбө айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкери М.Досалиева, айылдык кеңештин депутаттары У.Жакибаев, Т.Оморов, К.Өмүралиев жана 9-10-11-класстарынын окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрушүндө АДКнын төрайымы Т.Кулжыгачева, уюштуруучу А.Жембаева тарабынан жугуштуу эмес оорулар боюнча окуучуларга маалымат берилди. ОШондой эле «Биз сергек жашоого умтулабыз!», «Биздин тандообуз — ден соолук!», «Биз чылым чегүүгө, арак ичүүгө каршыбыз!» деген ураандардын коштоосу менен акция уюштурулду.

Андан тышкары, окуучулар арасында спорттук эстафеталар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть