Н.Исанов атындагы КМКТАУнун жетекчилиги жана жамааты 24-апрелде «Казакстандын курулуш жана архитектура боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институту» акционердик коомунун өндүрүш боюнча башкаруучу директору Ералы Шокбаровду кабыл алышты.
Университеттин ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Акымбек Абдыкалыков КМКТАУ Казакстандын аталган коому менен көп убактан бери кызматташып, курулуш, архитектура тармактары боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.
Университеттин Окумуштуулар кеңешинин Е.Шокбаровго «Н.Исанов атындагы КМКТАУнун ардактуу профессору» сертификаты жана профессордун мантиясы тапшырылды.