Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 26-апрель күнү мектеп бүтүрүүчүлөр үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чарага облустун аймактарында жайгашкан мектептердин 9-11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү катышты.
Иш-чараны окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Атабек Алибаев ачып, жалпы өзгөчөлүктөр жана эмне үчүн абитуриенттер Жалал-Абад мамлекеттик университетин тандашы керектиги тууралуу маалымат берди. «Эгерде сиз буга чейин аталган окуу жайга баш бага элек болсоңуз, иш-чара менен катар бул мүмкүнчүлүктү да колдон чыгарбаганыңыз оң. Бүгүнкү келген ар бир конок өзүнүн каалаган суроосуна жооп ала алат. Университетке кантип тапшыруу керек, адистиктер, факультеттер, материалдык-техникалык базалар, сынактар жана студенттердин жашоосу тууралуу баарын билип алууга шарттар түзүлгөн», - деди ал.
Ачык эшиктер күнүнүн алкагында жармаңке уюштурулуп, маданий-эстетикалык борборунун кызматкерлери концерттик программа тартуулашты.