8:52 30 апреля 2019

ЖАМУга Өзбекстандын Андижан облусунан делегация келди

Жалал-Абад мамлекеттик университетине Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун губернаторунун орун басары Манзура Юсупова баштаган делегация келди. Делегациянын курамына аталган өлкөнүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, билим берүү, маданият тармагынын кызматкерлери жана ишкерлер киришкен. Келген конокторго окуу жайдын имараттары көрсөтүлүп, университеттин жетишкен ийгиликтери көргөзмөгө коюлду.

КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов эки элдин достугу мындан ары бекем болуп, ар тараптуу иш жүргүзүлөрүн баса белгиледи.

Ал эми ЖАМУнун ректору К.Усенов эки өлкөнүн мамилесине ийгиликтерди каалап, Андижан мамлекеттик университетинин ректоруна, келечекте илим-билим багытында биргеликте иш жүргүзүп, илимий лабораторияларды түзөбүз деген оюн айтып, ЖАМУнун 95 жылдыгына арналып чыгарылган китеп жана кыргыздын улуттук идиши болгон көөкөрдү тартуулады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть