12:50 2 мая 2019

Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалы өттү

Акын, драматург, котормочу, публицист, мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун чыгармачылыгына арналган жаш акын-жазуучулардын II республикалык фестивалы Ош шаарында, Ош мамлекеттик университетинде өткөрүлдү. 29-30-апрелде жана 1-майда өткөн фестивалга республиканын 7 дубанынан келген 28 жаш акындар катышышты. Катышуучулар алдын ала жарыяланган сынак аркылуу тандалып алынган.

Ыр майрамдын жүрүшүндө катышуучулар Э.Эрматовдун ырларын, Э.Эрматовго арналган ырларын көркөм окуп, Э.Эрматовдун ырларына жазылган обондуу ырлар жаңырды.

Фестивалдын катышуучуларын акын, жазуучу, журналист Зинакан Пасаңова жетектеген топ калыстык кылып, катышуучулардын чыгармаларынын негизинде фестивалдын лауреаттарын, дипломанттарын аныкташты.

Жыйынтыгында Э.Эрматов атындагы II республикалык фестивалынын лауреаты болуп Бердибек Жамгырчиев, Умар Нусубалиев жана Камчыбек Узакбай уулу табылды. Ал эми Гүлүмкан Исаева, Садырбек Турдубек уулу жана Замирбек Орозбай уулу фестивалдын дипломанттары болду.

Иш-чаранын программасына ылайык, 30-апрелде Э.Эрматовдун чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференция да өттү.

Конференция Э.Эрматовдун өмүр-чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма менен башталды. КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, КР Улуттук жазуучулар союзунун Ош облустук жана Ош шаардык бөлүмүнүн жетекчиси Т.Жороев куттуктоо сөзүн сүйлөгөн соң, ОшМУнун кафедра башчысы п.и.д. Сатканбай Момуналиев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору, соц.и.д. Маматалы Мурзаев, БатМУнун окутуучусу Анара Миралы кызы маңыздуу баяндамаларын окуду.

Фестиваль Э.Эрматов атындагы коомдук фондунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, КР Улуттук жазуучулар союзунун, ОшМУнун колдоосунда, КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясы жана "Жигер" чыгармачыл жаштар борборунун уюштуруусу менен өткөрүлдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть