13:57 2 мая 2019

ОшМУнун делегациясы иш сапары менен Ташкент химия-технология институтунда болду

29-апрелде эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Семетей Амиралиев баштаган топ Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучусу Марат Абдакулов жана магистранттар Нуристан Марат уулу, Юлдашев Базарбай, Улан Аманбай уулу жакындан таанышып, тажрыйба алмашып, эки окуу жайдын кызматташтыгын жогорулатуу максатында Ташкент шаарындагы Химия-технология институтуна барып келишти.

Аталган окуу жайдын ректору Ш.А.Муталов өзү жетектеген институт, мында аткаралып жаткан иштер, жетишкендиктер жана башкалар туурасында кыскача айтып берип, бул жолугушуу кызматташтык менен достуктун бекемделишине көпүрө боло тургандыгын жана келечекте биргелешкен окуу программаларын түзүп, магистратура багытында 1+1 кош дипломдуулук проектин чогуу ишке ашырууга кызыктар экендигин белгиледи. Ал эми делегация башчысы Семетей Амиралиев Ош мамлекеттик университети, анын учурдагы алакалары жөнүндө кыскача баяндап берип, жылуу кабыл алгандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Мындан ары окуу жайдын окутуучуларына С.М.Амиралиев «Ош мамлекеттик университетинин ааламдашуу доорундагы алакалары» деген темада презентация жасап, катышуучулардын кызыккан суроолоруна жоопторду берди. Жолугушуунун соңунда окутуучулар менен студенттердин ортосунда кыска мөөнөттүү академиялык мобилдүүлүк, белгилүү окумуштуулардын конок жана он-лайн лекцияларын уюштуруу, жарчыларда илимий макалаларды чыгаруу жана башка иш-аракеттерди жакынкы аралыкта жүргүзүү пландалды.

Эскерте кетсек, аталган институттун бир нече багыттары табият таануу жана география факультетинин билим берүү чөйрөсүнө шайкеш келет.

Иш сапардын кийинки бөлүгү факультеттерге саякат жасоо менен уланды. Делегация бир нече кафедраларга барып, андагы окуу процессине күбө болуп, лабораториялар менен таанышып чыкты.

Иш сапардын алкагында делегациянын мүчөлөрү «Билерман ордо» клубунун расмий өкүлдөрү катары «Заковат» интеллектуалдык оюнуна да катышып келишти.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть