Британиялык кеңеш, Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультети жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз-Европа факультети биргеликте «Creative Spark» долбоорунун алкагында «Окутуунун инновациялык британиялык ыкмалары» аттуу вебинар уюштурушту.
Вебинар ОшМУнун 80 жылдыгын өткөрүү боюнча комитеттин башчысы Эрлан Камаловдун демилгеси менен уюштурулуп, ага ОИДдин директору Руслан Арапбаев жана эл аралык мамилелер факультетинин 23 окутуучулары активдүү катышышты.
Вебинар учурунда заманбап окуу усулдары боюнча кеңири талкуу болуп, англис тилин үйрөнүүнүн акысыз булактары жөнүндө маалыматтар берилди. Вебинар жандуу жана кызыктуу маанайда болуп, мындан аркы өнөктөштүк маселелери да талкууланды.
Ош мамлекеттик университети Европа Биримдигинин «Эразмус+» программасынын «PAWER» долбоорунун алкагында да Лондондогу Мидлсекс университети жана Бишкектеги КУУ менен тыгыз кызматташууда.