16:36 13 мая 2019

КМКТАУнун студенттери өрт коопсуздугу боюнча сынактарга катышты

Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын 93 жылдыгына карата өрт колдонмо спорту боюнча ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн арасында мелдеш өткөрүлдү.

Мелдешке жалпы 13 курама команда: Бишкек шаарынын бөлүктөрүнөн 8, куткаруу кызматынан 1, КМКТАУ ИКИнин «Өрт коопсуздук» кафедрасынан 1, ошондой эле «ГазпромАзия» ЖЧКнын «Бишкекгаз», «Чүйгаз», «Севертрансгаз» түзүмдүк бөлүктөрүнөн 3 команда катышты.

2 күндүк мелдештин жыйынтыгы боюнча командалык эсепте КМКТАУ ИКИнин «өрт коопсуздук» кафедрасынан командасы 6-орунга ээ болду. «Күжүрмөн жайылтуу» спорту боюнча кафедранын курама командасы 3-орунду ээледи. Жыйынтыгында III-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ошондой эле спорттук мелдештер «ГазпромнефтьАзия» ЖЧКнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн арасында өрт колдонмо спорту боюнча турнир уюштурулду. Турнирге Н.Исанов атындагы КМКТАУнун Инновациялык кесиптер институтунун аталган кафедрасынын студенттеринин курама командасы катыштып, жакшы көрсөткүчтөргө жетишти.

Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 2-3-майда кичи футбол жана волейбол боюнча мелдештер өткөрүлдү. Мелдешке аталган кафедранын студенттери катышты. Алар кичи футбол боюнча финалга чыгып, IV орунду ээлешти.

Соңунда катышуучулар I, II, III жана IV даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чараларга катышуу максаты — студенттер арасында тарбия иштерин жүргүзүү жана «Өрт коопсуздук» кафедрасынын студенттерин ӨКМнин өрт колдонмо спорту боюнча республикалык чемпионатка катышууга даярдоо.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть