Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында 25-май күнү «Билим» лицейи менен «Ыйман» гимназиясынын акыркы конгуроо аземдери болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага окутуучулар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, окуучулар катышышты. Акыркы конгуроодо бүтүрүүчүлөрдү ректор Каныбек Исаков куттуктап, алдыдагы мамлекеттик сынактарды ийгиликтүү тапшырып, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алып, максат кылган жогорку окуу жайларына өтүү менен ата-энелеринин, окуткан мугалимдеринин ак эмгегин актаган мыкты кесип ээлеринен болууларын каалады.
Аземде акыркы крңгуроо кагылып, мыкты окуган окуучуларга, ата-энелерине мактоо баракчалары тапшырылды. Кечелер концерттик программа менен коштолду.
Быйылкы жылы «Билим» лицейин 42 окуучу, «Ыйман» гимназиясын 18 окуучу аяктап жатат.
2019-жылдын 8-майында «Алтын тамга-2019» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын жыйынтыгы боюнча ОшМУнун «Билим» лицейинин 11-классынын окуучусу Жумаева Мэриниса «кызыл» аттестатынын ээси болгон.
Ал эми 2017-2018- окуу жылында «Билим» лицейинин бүтүрүүчүсү Амиракулов Акназар ЖРТдан эң жогорку упай тоаптоп, «алтын сертификатка» ээ болсо, 1 окуучу Ош облусу боюнча эң жогорку упай алып, өлкө башчысынын колунан атайын белекке ээ болгон.