15:57 28 мая 2019

ОшМУнун киноакадемиясынын студенттеринин «Катылган сыр» кыска метраждуу кинотасмасы жарыкка чыкты

Ош шаарындагы «Ак-Буура» кинотеатрында ОшМУнун киноакадемиясы тарабынан иштелип чыгып, тасмага түшүрүлгөн «Катылган сыр» кыска метраждуу кинотасмасынын премьерасы тартууланды.

Тасманын премьерасына университеттин проректорлору, окутуучулар, студенттер, ата-энелер, чыгармачыл чөйрөдөгү инсандар катышышты.

Тасмага режиссер Дарбан Алайчиев көркөм жетекчилик кылды. Киноакадемиянын 1-курсунун студенттери Дарманкул кызы Аида койгон режиссер, Кеңешова Альбина режиссердун ассистенти, Атакулов Кайрат оператор, Жакыпова Айжанат актриса, Жаныбек кызы Айсана баш каармандын образын жаратты. Ал эми баш каармандын образын жараткан Байсал Заирбеков жана актриса, коомдук ишмер Кенжехан Галова тасмага тартылып, өз көмөктөрүн көрсөтүшкөн.

Тасманын соңунда каармандарга жана режиссерлорго ОшМУнун ыраазычылык каттары тапшырылды.

Белгилей кетсек, буга чейин март айында Ош шаарындагы «Семетей» театрында ОшМУнун Киноакадемиясынын 2-курстары тарабынан иштелип чыгып, тасмага түшүрүлгөн «Наристелердин чанырыгы» кино тасмасынын алгачкы дебюттук премьерасы тартууланган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть