2019-жылдын 27-майында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун профессор-окутуучулары жана студенттери КР Президентинин Аппаратынын жарандык өнүгүү, диний, этностук саясат бөлүмүнүн эксперти Түмөнбаев Шаазадан менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда Ш.Түмөнбаев КР президенти С.Ш.Жээнбекордун жарлыктары менен тааныштырып, «2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы», «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү», «Президенттик стипендия» боюнча жарлыктарына кенен токтолду. Студенттердин суроолоруна жооп берди.