16:08 28 мая 2019

№3 Лебединовка орто мектебинде акыркы коңгуроо күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

№3 Лебединовка орто мектебинде 25-май акыркы коңгуроо күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага 1-10 класстын окуучулары, мугалимдер, ата-энелер жана коноктор катышышты.

Салтанаттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, мектептин директору Манас Адиевге сөз берилди. Мектептин директору бүтүрүүчүлөргө албан ийгиликтерди жана алдыдагы экзамендерге ийгилик каалап, мектептин окуу завучу менен биргеликте окуучуларды эң жакшы жетишкендиги үчүн мактоо баракчасы менен сыйлашты.

Салтанаттуу иш-чаранын коногу, Лебединовка айыл өкмөтүнүн башкы адиси Бактыбек Асанкожоев да бүтүрүүчүлөргө талыкпас мээнет, ак жол каалап өттү.

Ошондой эле ардагерлердин башкармасынын торагасы Проскурякова Р.Б бүтүрүүчүлөргө куттуктоо сөзүн айтып, окуучуларга чоң-чоң жетишкендик каалап, келечекте ордуларын таап кетишине тилектеш экендигин билдирди. Иш-чара бий кружогунун катышуучуларын бийлери менен коштолду.

7А классынын окуучулары бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, «Окуучулук күндөр» ырын аткарып беришти. Ал эми 9А классынын окуучусу Субанкул уулу Аскат жана 1Б классынын окуучусу Сатаркулова Бегимай акыркы конгуроону кагышты. Окуучулар, коноктор жана мугалимдер бүтүрүүчү класстын дагы даярдаган чакан концертине күбө болушту.

Стилистика и грамматика авторов сохранена
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть