13:35 29 мая 2019

ЭИТУнун жаш окутуучусу М.Кубанычбекова квалификациясын жогорулатуу үчүн Индияга акысыз окууга барып келди

ЭИТУнун «Электроэнергетика жана электротехника» кафедрасынын жаш окутуучусу Мээрим Кубанычбекова 2019-жылдын 4 мартынан 12-апрелге чейин Индия Республикасынын Ахмедабад шаарына техникалык жана экономикалык кызматташтык боюнча ITEC программасы аркылуу квалификациясын жогорулатуу үчүн акысыз окууга барып келди. Бул курсту окуу үчүн дүйнөнүн 18ден ашуун мамлекетинен өкүлдөр келишкен.

Окуунун максаты – Индия мамлекетинин ири өндүрүштүк ишканалары жана маданияты менен кенен тааныштыруу, профессор, илимдин кандидаттарынан кыска мөөнөттө квалификацияны жогорулатуучу тереңдетилген билим берүү болуп саналат.

Жыйынтыгында катышуучуларга Индиянын Ишкерчиликти өнүктүрүү институтунун, Индиянын экономикалык жана техникалык министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин менеджмент боюнча эл аралык окуу курсун ийгиликтүү аяктагандыгы үчүн сертификат ыйгарылган.

ITEC программасы – Индия өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргызстандын жарандары үчүн кыска мөөнөттүү окуу курсу. Курс англис тили, информатика, телекоммуникация, менеджмент ж.б. багыттар боюнча окутат. Ошондой эле Кыргызстан ITEC программанын маанилүү өнөктөшү болуп саналат. Аталган курска кабыл алуу атайын сынак менен өткөрүлөт.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть