15:08 12 июня 2019

ОшМУдагы бүтүрүүчүлөр менен коштошуу аземинде алдыңкы бүтүрүүчүлөр сыйланды

Ош мамлекеттик университетинде 10-июнда жогорку окуу жайдын колледждеринин, 11-июнда бакалавр жана магистр багыттарынын бүтүрүүчүлөрүнө сый-урмат көрсөтүлүп, «Акыркы конгуроо-2019» аземи уюштурулду. Аземде бүтүрүүчүлөр, ректораттын курамы, декандар академиялык кийим кийишти.

Салтанаттуу аземди ачып берип жатып ОшМУнун ректору Каныбек Исаков бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, өзүнүн кайрылуусун жасады.

Ошондой эле ОшМУну артыкчылык диплому менен аяктап жаткан жогорку билим берүү жана магистратурадагы 300дөн ашуун студент, магистрантка, орто кесиптик билим берүүдөгү 140 студентке артыкчылык дипломун тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

Салтанатта бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, мыкты бүтүрүүчүлөр да өз каалоо-тилектерин билдиришип, окуткан агай-эжекелерине, ОшМУнун жамаатына ыраазычылык сөздөрүн жолдошту. Кеченин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөрдүн урматына концерттик программалар тартууланды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть