Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Талас мамлекеттик университетинде 14-июнда «Студенттер билимдүү, бирдиктүү Кыргызстан үчүн!» деп аталган достук фестивалы башталды. 2016-жылы Ош мамлекеттик университетинин демилгеси менен ички академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталып түзүлгөн «Ош декларациясы» быйылкы жылы төртүнчү ирет өтүп жатат.
Өлкөнүн 7 дубанынын жогорку окуу жайларынын ички өнөктөштүк байланыштарын жакшыртып, алардын достук көпүрөсү болуу менен билимдүү жана бирдиктүү жаштарды тарбиялоодо өзүнүн үзүрлүү салымын кошууга багытталган фестивалга декларацияга кирген Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош мамлекеттик университеттери жана быйылкы жылы катышып жаткан Ж.Баласанын атындагы Кыргыз улуттук университети, Кыргыз-Өзбек университеттеринин ректорлору, окутуучулары, таланттуу студенттери катыштууда.
Фестивалдын жүрүшүндө «Ош декларациясын» түзүүдө демилгечи болуп, учурда анын өсүп-өнүгүүсү үчүн салым кошуп келе жаткан ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков 4 жылдагы ийгиликтер боюнча маалымат берди.
«Ош декларациясына» кирген окуу жайлардын ректорлору ОшМУнун демилгеси менен быйылкы жылы декларацияга жаңыдан кирип жаткан КУУ, Кыргыз-Өзбек университеттеринин ректорлору жана Германиянын Түштүк Саксония университети менен келишимдерге кол коюшту.
Программанын алкагында окуу жайлардын таланттуу студенттери фестивалга катышып, Талас жергесиндеги «Манас Ордого» зыярат кылышат.