15:29 28 июня 2019

«ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги-2019» изилдөөсүндө ОшМУ 1-орунду ээледи

Ушул жылы Казакстандын Аккредитациялоо жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги (НААР) тарабынан иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги-2019» изилдөөсү жүргүзүлдү.

Аталган изилдөөдө Ош мамлекеттик университети 19 багыттын 10 багыты боюнча катышып, 4 багыт боюнча 1-орунду, 3 багыт боюнча 2-орунду, 2 багыт боюнча 3-орунду, 1 багыт боюнча 4-орунду багындырды. 58 бакалавриаттан (адистик) ОшМУ 24 багытта катышып, 14 багыт боюнча 1-орунду, 9 багыт боюнча 2-орунду алды. 31 магистратура боюнча программадан 11 багытта катышып, 8 багыт боюнча 1-орунду, 3 багыт боюнча 2-орунду ээлеп, генералдык рейтингде 40 атаанташтык билим берүү программаларынан 1-орунду багындырды.

Ал эми 19 ЖОЖдун профессордук-окутуучулук курамынын илимий-билим берүүдөгү ишмердүүлүгү боюнча ТОП-30ду аныктоо изилдөөсүндө ТОП-30 кирген 500 окутуучунун 90ун ОшМУнун окумуштуулары түзүштү. ТОП-15тин ичинде ОшМУнун 13 окумуштуусу бар.

Изилдөө «Кыргыз Республикасынын ЖОЖдордун даражалоо методологиясында» берилген ачык-айкындуулук, объективдүүлүк, текшерүү мүмкүнчүлүгү жана маалымат булактарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ылайык, төмөнкү коомдук көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлдү:

• Абитуриенттердин ЖРТ баллдарынын орточо көрсөткүчү;

• «Алтын сертификат» ээлеринин болуусу;

• Чет элдик студенттердин катыштыгы;

• КРнын атуулдук, мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары;

• КРнын ББжИМдин илимий гранттарынын жетекчилери;

• Ойлоп табуулардын жана патенттердин ээлери;

• Хирша индекси (Web of science, Scopus) менен өлчөнүүчү макалалардын болуусу.

Рейтингдин негизги максаты — ЖОЖдордун арасындагы атаандаштыкты күчөтүү, билим берүү, илим изилдөөдө сапатты камсыз кылуу болуп саналат.

НААРдын максаты — дүйнөлүк коомчулукта атандашууга туруштук бере алган билим билим берүүдө жогорку сапатты камсыз кылуу. Аталган уюм өз ишмердүүлүгүндө эл аралык ишенимге ээ болуу менен биринчилерден болуп ENQA (жогорку билим берүүдөгү сапатты камсыздоо боюнча европалык ассоциация) ассоцияциясынын толук мүчө статусуна ээ болгон жана Казакстанда жана Кыргызстанда улуттук аккредитациялык уюм болуп таанылган. Ошондой эле уюмдун аброюнун бийик экендигинин далили катары дүйнө жүзүндөгү аккредиттөө боюнча 15тен ашуун алдыңкы агенттиктер менен кызматташтыгын айтууга болот. НААР агенттиги ошондой эле, өткөн жылы EQAR (жогорку били берүүдө сапатты камсыздоо боюнча агеттиктердин европалык реестри) реестрине да катталып толук кандуу макамына ээ болгон.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть