19:27 20 сентября 2019

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат ОшМУда болду

17-сентябрда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат баштаган делегация Ош мамлекеттик университетинде болуп, ректордун милдетин аткаруучу Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ОшМУнун К.Кожобеков Ош мамлекеттик университетинин ишмердиги, Түркиянын бир нече жогорку окуу жайлары менен байланыштары, университеттин Түркиянын Анкара университети менен кызматташтыгынын алкагында ачылган теология факультети, Кастамону университети менен биргелешип ачылган Кыргыз-Түрк факультети, «Ыйман» лицейи тууралуу маалыматтарга токтолду.

Ошондой эле университетте билим алып жаткан студенттерге заман талабына ылайык шарттарды түзүп берүү, окуу имараттарын жаңы эмеректер менен камсыздоо, жатаканаларын жаңылоо багытындагы иштерде Түрк кызматташтык жана Координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) биргелешкен кызматташуусу өзгөчө көмөк көрсөтүп келе жаткандыгын кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Женгиз Камил Фырат Ош мамлекеттик университети билим берүү жаатында Түркиянын алдыңкы университеттери менен кызматташып келе жаткандыгын, ар бир Ошко болгон сапарында университетке баш багып, жылдан жылга университеттин өсүп-өнүгүп жаткандыгына күбө болуп келе жаткандыгын билдирди. Ошондой эле буга чейинки кызматташтыктарды улантуу менен кызматташууну андан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызыктар экендигин билдирди.

Жолугушууда биргелешкен кызматташуулар боюнча сөз болуп, делегация ОшМУнун теология факультети, «Ыйман» лицейиндеги студенттердин билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты. Ошондой эле аталган гимназияга материалдык-техникалык колдоо көрсөтүү, жаңы окуу имаратын жана жатаканасын куруу багытында сүйлөшүүлөрдү тездетүү боюнча сөз кылышты.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть