19:03 20 сентября 2019

ОшМУда «Мамлекеттин келечеги — мамлекеттик тилинде» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өттү

Ош мамлекеттик университетинде 18-сентябрда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата «Мамлекеттин келечеги — мамлекеттик тилинде» аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция өттү.

Конференция Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Ош шаардык мэриясы, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты менен биргеликте уюштурулган.

Конференцияны ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Сабыр Арстанов ачып, мамлекеттик тилдин баалуулугу, республиканын жана университеттин алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча баянап өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө ОшМУнун ректорунун милдетин аткаруучу, доцент К.Кожобеков, Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын аймактардагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Тилекманова, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Балтабаев куттуктоо сөздөрүн жолдошту.

Пленардык отурумда педагогика илимдеринин доктору, профессор С.Момуналиев, филология илимдеринин доктору, профессор К.Зулпукаров, филология илимдеринин доктору, профессор Ж.Элчиев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент А.Мурзакметов баяндама жасашты.

Баяндамалардан соң талкуулар жүрүп, мамлекеттик тилдин улуулугун даңазалаган көркөм окуулар, обондуу ырлар жаңырды.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть